• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Өзүн сот кызматкери катары тааныткан жаран кармалды

20 Бирдин айы 2023 16:10 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1980-жылы туулган Т.М.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган адам М.Ш аттуу жарандан Кыргызстандын аймагынан чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга көмөк көрсөтүү үчүн 20 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталган. Ал өзүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырып жүргөн.

Учурда бул иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Теги:
Количество просмотров: 539