Ысык-Көл форуму Айтматовсуз өтүп жатканы өкүнүчтүү! (видео)
Ысык-Көл форуму Айтматовсуз өтүп жатканы өкүнүчтүү! (видео)
5 Тогуздун айы 2018 10:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.10.2018. Govori.TV
Бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына Ысык-Көл форуму өткөрүлүүдө.
Бирок, бул жыйындын “Айтматовсуз” өтүп жатканын КР Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов өкүнүү менен белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумун өткөрүү туурасында 1986-жылы демилге көтөргөн.
Форумга Айтматовдун чыгармачылыгын сыйлаган дүйнө өкүлдөрү келишти. Алардын арасында аттуу баштуу окумуштуулар, депутаттар, жана жазуучулар бар. Форум 3 күн 4-октябрдан 7-октябрга чейин уланат.