• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Зардалыга кетчү жалгыз унаа жолу ачылды

2 Кулжа 2023 17:23 Бишкек Govori.TV

Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 45-68-чакырым аралыгын кар көчкүдөн жана таштардан тазалап, каттам кыймылын жандантышты.

Азыркы тапта кырсыктарды алдын алуу максатында аталган жолдун 11-чакырымында суунун нугун буруу жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал келген Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын, май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.

Количество просмотров: 167