• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбек бийлиги мигранттарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырды

27 Теке 2022 17:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Тышкы миграция боюнча агенттиги өзбек мигранттарын Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырды.

«Айрым маалымат каналдары Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарын Орусияга айлыгы жогору жумуштарга чакырган жарыяларды таратып жатышат. Ал жарыялардын негизги максаты – жарандарды Украинадагы согушка тартуу. Буга байланыштуу мекендештерди чет өлкөлөрдө жумуш сунуштаган бейрасмий жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Агенттик акча табуу же башка жеке кызыкчылыктар үчүн чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылышуулар менен согуштук аракеттерге катышуу үчүн Өзбекстанда кылмыш жоопкерчилиги каралганын, күнөөлүү деп табылгандар беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратыла турганын эскертти.

Буга чейин журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн «МедиаХаб» коомдук фонду Орусиянын «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары Украинадагы согушка тартылып жатканын аныктап чыккан. Алар интернетке жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыя чыгарып, иш издегендерге жакшы айлык акы убадалашкан. Кабарчылар жумуш издеген киши катары байланышкан учурда алар бул орундарга кабыл алуу токтоп калганын айтып, аскердик кызматтарды сунушташкан.

Кат аркылуу сүйлөшүүдө уюм Орусиянын Коргоо министрлигинин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын билдиришкен. Жарыянын ээлери кайрылгандарды Краснодар аймагынын Молькино айылына барууга чакырат. Андан ары иш издегендер Украинага аскерий операцияларга катышуу үчүн жөнөтүлөт. Аскерий даярдык талап кылынбай турганы, жада калса соттолгон адамдарды да ала беришери көрсөтүлөт.

Украинадагы согушка катышуу үчүн түзүлгөн «Ыктыярдуу батальондор» (иш жүзүндө келишимдик негиздеги жалданмачылар) Орусиянын ар кайсы аймактарында жаз айларынан тартып түзүлө баштаган. Андан бери Чеченстанда, Татарстанда, Башкырстанда, Пермь крайында, Киров жана Нижогород облустарында өздөрүнүн отряддары пайда болгон.

Украинага кол салгандан кийин көпчүлүк эксперттер орус президенти Владимир Путин койгон милдеттерди армия кошумча мобилизациясыз аткара албай турганын белгилешкен. «Вагнер» же, «ЧВК Вагнер» сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялар «жашыруун мобилизациянын» варианттарына айланып калган. Ыктыярчылар да, жалданмачылар да аскерлер сыяктуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен иштеп жатышат.

Количество просмотров: 134