28.12.17. Govori.tv Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча өзбек тарап Кыргызстан сунуш кылган каттамга макул. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков билдирди, — деп маалымдайт Азаттык. Элчинин айтымында, кыргыз тарап темир жол мүмкүн болушунча түрдө калктуу аймактарды аралап өткүдөй вариантты сунуш кылып жатат.
— Өзбекстан толугу менен Кыргызстандын сунушун колдоп жатат. Биздин максат — темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана улуттук кызыкчылыкты коргоо. Ушундан улам биз аймактарды көбүрөөк аралай турган маршрутту сунуш кылып жатабыз. Муну өзбек тарап толугу менен колдоду, —деди Сыдыков.
Эскерте кетсек, 25-27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча Ташкентте үч тараптуу сүйлөшүү болгон. Анда үч өлкөнүн транспорт министрлери курулушту баштоонун мөөнөттөрүн аныкташкан. Сүйлөшүүлөргө ылайык, долбоордун так маршруту 2018-жылдын апрелинде аныкталат.
Темир жол салуу демилгеси он жылдан ашуун убакыттан бери көтөрүлүп келатат. Аны ишке ашырыш үчүн 6-6,5 миллиард доллар керектеле тургандыгы маалымдалган. Бул темир жол долбоору Кытайдын товарларын Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Чыгыш Европага жана Жакынкы Чыгышка жеткирген эң кыска жол болоору айтылып жүрөт.