Өзбекстандын Навои облустук прокуратурасы Навои шаарындагы №4 абакта камакта отурган адамдын өлүмү боюнча маалымат берди.
Мекеменин маалыматына караганда, 7-октябрда болжол менен түнкү саат 1:35те абактын дисциплинардык бөлүмүндөгү бөлмөдө М. О. аттуу камактагы адам керебеттин темирине кийимдерин байлап, асынып алган.
Маркум 2018-жылы «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жыл 1 айга эркинен ажыратылган. Ага чейин ал төрт жолу соттолгон.
Бул факты боюнча Навои шаардык прокуратурасы тергөө иштерин баштап, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.