• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанда Германиянын жаранын өлтүргөн 5 киши соттолду

13 Кулжа 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

Самарканд облусунда ишкерлик менен алектенген 47 жаштагы ооган тектүү Германия жаранынын өлүмүнө айыпталган 5 киши соттолду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.

Маркум Незахат Каюуминин жубайы жабырлануучу катары сотко катышуу үчүн Германиядан учуп келди. Ал күйөөсү үчүн Өзбекстан мекени болуп калганын билдирди.

Маалыматка караганда, беш киши Каюми ижарага алган үйгө беткапчан кирип барышкан. Алар үйдү электр жарыгынан, видеокөзөмөл камераларынан ажыратып, ага кол салышкан. Айыпталуучулар ишкерди союл менен чаап, колу-бутун сындырышкан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган жана кийинчирээк жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Соттолуучулардын бири таксист болуп иштерин, алар ишкерден маңзат уурдоого аракет кылышканын айткан.

Башка бир айыпталуучу Германия жаранынын үйүнө мурда электрик катары барганын, иш учуруна анын үйүнөн ири суммадагы акча көрүп калганын айткан. Ал башка төрт шеригин чакырып, эки кап маңзат уурдоо планын билдирген. Бирок алар үйдөн акча табышкан эмес.

Самарканд облустук Жамбай райондук соту айыпталуучуларды «Уюшкандык менен каракчылыкка баруу», «Ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Кылмыштуу топтун башчысы 19 жылга эркинен ажыратылып, анын үч шериги 16-18 жылга кесилди. Аларды маркумдун үйүнө чейин алып барган таксист 13 жылга соттолду.

Теги:
Количество просмотров: 308