• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстанда онлайн окуган балдарын интернет менен камсыз кылбаган ата-энелер жоопко тартылышы мүмкүн

27 Аяк оона 2020 9:57 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда ата-энелерден онлайн окуп жаткан балдарын интернет, компьютер же телефон менен камсыз кылуу талап кылынууда.

Өлкөнүн сегиз мамлекеттик органы кабыл алган документке ылайык, бул талаптарды аткарбаган ата-энелер «Балдарды тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерин аткарбоо» беренеси менен административдик жоопкерчиликке тартылып, балдары салттуу билим берүү форматына которулары жазылган. Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин аталган беренесин бузуу үчүн бирден бешке чейинки базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөө жазасы каралган. Кайталап мыйзам бузгандар 15 суткага чейин камакка алынат.

Мындан тышкары документте балдардын окуусу ата-энелердин каалоосуна жараша салттуу, аралыктан же аралаш билим берүү форматтарында уюштурулушу мүмкүндүгү белгиленген.

Азырынча сегиз мамлекеттик орган биргелешип кабыл алган документ ачык булактарга жарыялана элек.

Навои, Сырдарыя жана Кашкадарыя облустарындагы айрым мугалимдердин айтымында, документ мектеп директорлоруна, облустук, шаардык жана райондук акимчиликтерге интернет аркылуу жөнөтүлгөн.

25-августта Өзбекстандын элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов эксперттер окуу жылын баштоонун үч сценарийин иштеп чыгышканын билдирген. Алар: мектептерди ачып, салттуу билим берүүгө кайтуу, онлайн билим берүүгө өтүү жана аралаш билим берүү.

«Биз бул боюнча ата-энелердин пикирин билүү үчүн Телеграм-канал аркылуу сурамжылоо жүргүзүп, ага 1 миллион колдонуучу катышты. Алардын ичинен 70% балдарынын саламаттыгынан кооптонуп, онлайн окутууну тандашты. 30% пандемияга карабастан балдарын мектепке жөнөтүүгө даяр экенин билдиришти», — деген министр.

Элдик билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, окуу жылы башталганда өлкөдөгү 10 миң мектептин дээрлик 2635и салттуу билим берүү үчүн ачылган. 21-сентябрга карата алардын саны 4379га жетти. Бул Өзбекстандагы бардык мектептердин 43,9% түзөт.

Количество просмотров: 58