• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда самбочу Туру Авлакуловду атып кетишти

2 Чын куран 2024 9:39 Бишкек Govori.TV

29-мартта Самбочу Тура Авлакулов  колго жасалган курал менен атып өлтүрүлгөн. Ал эки күндөн кийин ооруканада көз жумганын Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, спортчу эки таанышы менен шаардагы ашканалардын биринде жолугушкан. Тааныштарынын бири Авлакуловго 50 миң сум бергенин, ошондуктан тамак үчүн ал төлөшү керектигин айткан. Самбочу ага 50 миңди кайтарып берип, кечки тамактын акчасын толук төлөбөй турганын билдирген. Алар кер-мур айтышып, шериги автоунаасынан колго жасалган пистолет алып келип, Авлакуловду атып, андан соң качып кеткен.

Тура Авлакулов ооруканага жаткырылган. Шектүү кармалган.

Башынан ок жеген самбочу ооруканада көз жумган. Кылмыш иши козголду, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 577