Өзбекстандын Самарканд облусунда төрөлгөн 2 баштуу ымыркай бүгүн, 6-июлда чарчап калды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Кош бойлуулуктун 16-21-жумасындагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен ата-энесине сиам эгиздер тууралуу эскертилген. Алардын талабы менен балдар жарыкка келген.
Ымыркайдын энеси 25-июнда Самарканд облустук перинаталдык борборуна жаткырылып, 27-июнда көз жарган. Ал эми бүгүн дарыгерлердин аракетине карабай, сиам эгиздеринин бири саат 07:50дө, экинчиси саат 10:50дө чарап калды.
Буга чейин облустук көп тармактуу медицина борборунун башкы дарыгери Дилшод Рахманов ымыркайлар жандандыруу бөлүмүндө жаткырылганын билдирген. Бир катар текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Алардын ички органдары экиден, ал эми жыныс мүчөсү бир болгон.
Дарыгердин айтымында, мындай учур дүйнөдө сейрек кездешет. Айрымдары 30-50 жашка чейин жашаган.