• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өзбекстандын тогуз аймагында сел жүрүшү мүмкүн экени эскертилди

24 Чын куран 2024 9:11 Бишкек Govori.TV

25-28-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаандан улам Өзбекстандын бери дегенде эле тогуз аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Гидрометеорология борборунун директору Шерзод Хабибуллаев «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

Ал тоолуу жана тоо этектеринде жашаган тургундарды, ошондой эле тоолуу аймактарга бара турган айдоочуларды ыктымал суу ташкындарына каршы сактык чараларын көрүүгө чакырды.

Буга чейин Өзбекстандын бир нече аймагында суу ташкындары болгону кабарланган.

Акыркы күндөрү Өзбекстан менен чектешкен Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда да нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, айыл-кыштактарды суу каптады.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөр жаандан улам Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарынын айрым аймактарында сел жүрүп, ондогон үйлөрдү суу каптаган жана бир катар автоунаа жолдору жабылган. Буга байланыштуу аталган облустарда чукул кырдаал жарыяланган.

ӨКМ учурда бардык аймактарда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын, куткаруучулар, жумушчулар жана атайын техника жетиштүү экенин билдирүүдө.

Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапканы кабарланган.

Количество просмотров: 77