Бүгүн, 8-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров иш-сапарынын алкагында Баткен облусун кыдырууда. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алгач, министр Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылында 2020-жылдын 2-май күнү катталган сел кирген турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту. Аталган аймакка ӨКМ тарабынан 100 габион торчо жана атайын техника берүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.
«Андан соң, ал Исфана шаарындагы сел кирген турак үйлөрдү жеринде көрүп, Пост МАИ участкасындагы сай жээгин механикалык тазалоо маселесин карады. Чимген айылындагы Шорбулак сайында сел алып кеткен тосмону калыбына келтирүү маселеси жеринен талкууланды. Беш-Бала айылындагы Исфана-Сай сайынан жөө адамдар өтүүчү көпүрө куруу жана механикалык тазалоо тууралуу тапшырма берди»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Самат айылындагы Исфана-Сай сайынын оң жээгиндеги селдин кесепетинен жуулуп кеткен сел тосмонун бүгүнкү абалы менен таанышкан.