Бул окуя тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев маалымат берди. Анын айтымында, видеодогу окуя Өзгөн районунда 16-августта болгон.
«Денеге залал келтирүү фактысынын негизинде кылмыш иши козголгон. Буга 2 адам шектелип жатат, бирок алар кармала элек. Мушташты көргөн күбөлөр суралып, тиешелүү материалдар топтолуп, экспертиза дайындалды. Шектүүлөрдү кармоо аракеттери жүрүп жатат. Ал эми жабырлануучунун абалы жакшы, ооруканадан чыккан.
Жабырлануучуга кол салгандар үчөө болгон, бирок алардын бирөө сабаган эмес, “карап тургам” деп жатат. Жабырлануучунун да эки гана жигитке дооматы бар.
Маалымат каражаттарында “аталган окуяда балдардын кармалбай жатышына тергөөчү кызыкдар болуп, шектүүлөрдөн акча алып, эркиндикке коё берген” деген кабар тараган. Аталган версия боюнча учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бирок буга чейин андай аракеттер болгон эмес. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу да кошумча маалымат беребиз. Ар бир маалымат кылдат текшерилет.
Эгерде маалымат каражаттарында айтылган сөздөр далилденсе, анда тиешелүү кызматкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деди Ж.Ашырбаев.
Ал эми бул мушташ тууралуу кабар милицияга жабырлануучу ооруканага жаткандан соң гана жеткен.
«Видео колго тийгенче арадан эки-күн, тасмадагы фактыларды аныктоо үчүн да эки күн өттү. Бул аралыкта шектүүлөр качып кеткенге үлгүргөн», — деп кошумчалады.
https://youtu.be/ToF7WVHVeEQ
Булак: turmush.kg