• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Өзгөндө  массалык мушташ болду. Видео

27 Тогуздун айы 2018 12:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.10.2018.Govori.TV

26-октябрь саат 11-12лер чамасында Өзгөн шаарындагы Бишкекке кетчү такси стоянкада мушташ чыгып, натыйжада бир таксист сабалып, анын баласынын бети башын талкалап салышкан. Дагы бир аялдын тишин сындыра урушкан. Бул тууралуу «Калыс Медиага» маалымат булагы жазган.
Маалыматка ылайык, стоянкада 40-50 жаран болгон. Ал эми эки таксист кардар талашып, пикир келишпестиктен урушуп кетишет. Алардын балдары дагы ошол жерде болгондуктан бул окуя  мушташка айланган. Аягында башка жактагы спортчу досторун чакырып, эки тарап кепке келбей калышкан. Жыйынтыгында тынчтандыруу максатында аралашкан бир аялдын тишин сындыра урушкан. Айрымдары катуу жарадар алып, Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышкан.

Количество просмотров: 34