• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жаңы Ак үйдүн курулушу кайсы стадияда?

30 Тогуздун айы 2023 15:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүп жатат. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров КМШ саммитине келе турган президенттерди жаңы Ак үйдө тосорун билдирген эле. Бирок курулуш иштери бул убакытка аяктаган эмес. Кайсы стадияда экенин сүрөттөн көрсөңүз болот.

Эске салсак, 2022-жылдын 15-апрелинде президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салынган. Имарат мурда «Ысык-Көл» мейманканасы жайгашкан жерге курулуп жатат.

Жаңы Ак үйдү “Иншаат строй билдинг” компаниясы куруп, анын акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатат.

Бул имаратты Ынтымак-Манас Ордо деп атоо сунушталууда.

Количество просмотров: 345