• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жаңы жылдык балаты: Каракол шаарынын тургунун айып пулга жыкмакчы

29 Бештин айы 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

Балаты кыйган Каракол шаарынын тургунун айып пулга жыкмакчы. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Басма-сөз кызматынан билдиргендей, 27-декабрда Ысык-Көл ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын милиция кызматкерлери Каракол шаарындагы «Жеңиш» сейил багынын жанында коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жатышкан. Болжол менен саат 21.30 чамасында алардын көӊүлүн сейил бактын ичинен бийиктиги бир метрден ашкан жашыл балатыны кыйып жаткан адам өзүнө тарткан. Шектүү, балатыны мыйзамсыз кыйып жаткан жеринен кармалып, Каракол шаардык милициясына жеткирилген.

«Ал жерден анын өздүгүн тактады. Кармалган адам 29 жаштагы облус борборунун тургуну М.И. болуп чыгып, жаңы жылдын алдында үйгө орноту үчүн балатыны кыйгандыгын мойнуна алган
Аталган факт Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү аныкталгандан кийин, балатыны мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн жоопко тартуу чечими кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 89