Бүгүн, 16-декабрь, саат 18:30да Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысынын оту жанат. быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотулган. Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилген.
Бишкек шаар мэриясы жаңы жылга карата борбор калааны жасалгалоого канча каражат сарпталганы боюнча маалыматт бере элек. Өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери ноябрь айынын аягында башталган.
Эске салсак, Бишкектин «Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого былтыр 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшала турганы кабарланган. Бул сумма 25 метрлик балатыны жасалгалоого, андан тышкары, «Ала-Тоо» аянтынын айланасында кооздоого жумшалган.