• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жактоочу Акин Токталиев Жапаровго каршы сотко кайрылды

10 Теке 2021 21:14 Бишкек Govori.TV

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко берди. Бул тууралуу Токталиев Facebook баракчасына жарыялады.

Ага Жапаровдун видеотасмасындагы билдирүүсү негиз болуп, анда Токталиев экстремисттик топко кошулган делгени үчүн кызматтан алынган деп айтылган. Токталиев өзү Жапаров шайлоо өнөктүгү маалында аны кызматтан алам деп убада бергендиги үчүн кызматтан алынды деп эсептейт.

Доо арызында ал ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоону, ошондой эле эл алдында реабилитациялоону жана 100 миллион сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтурууну суранат.

Количество просмотров: 646