• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жактоочу: Атамбаев чукул операцияга муктаж

7 Кулжа 2021 13:17 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чукул операцияга муктаж. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

«Алмазбек Шаршенович омурткасындагы грыжадан кыйналып жатат. Ошондой эле жүрөгүн дагы дарылатуу керек. №47 колонияда ал толук кандуу медициналык дарылоодон өтө албайт», — деди Жоошев.

Эске салсак, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаев 2019-жылы камалган. Алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отуруп, кийин ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №47 абакка которулган.

Количество просмотров: 461