Бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Отурумда иш боюнча күбө катары өтүп жаткан дарыгерлер көрсөтмө берди. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, тергөө менен келишим түзгөн 14 кишинин иши тергелип бүткөнүнө карабай, сотко өткөрүлүп бериле элек.
«Бүгүнкү күндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 14 киши өздөрүнүн күнөөсүн моюндарына алып, тергөө менен келишим түзгөн. Бирок ошол адамдардын иши азыркыга чейин сотко өткөрүлүп бериле элек. Башкача айтканда прокуратура алардын ишин сотко жибербей, басым алдында кармап жатат. Эгер иш сотко жөнөтүлсө, алар чындыкты айтып, көрсөтмөсүн өзгөртүп салат деп чочулап жатышат»,-деди Жоошев.
Эске салсак, Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы ак кан оорусуна чалдыкты делип, мөөнөтүнөн мурда Нарындагы түрмөдөн чыгып, Бишкекке жеткирилип,андан ары түз эле Орусияга учуп кеткен. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча өлкөдө саясий жаңжал тутанып, бул боюнча териштирүүлөр жүрүп, Жогорку Кеңеште атайын комиссия да иш алып барган. Батукаев өлкөдөн чыгып кеткен жылы бул окуя коомчулукта катуу талкууланып, кийин «унутта» калган. Бирок алты жылдан кийин Батукаев иши кайрадан көтөрүлүп жатат.