• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жактоочу Токтакунова: Купуя болгон сырлар ачыкка чыгып жатат

26 Жетинин айы 2019 15:20 Бишкек Govori.TV

Купуя болгон сырлар ачыкка чыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Бүгүн баса белгилеп кетчү нерсе УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Нурбек Абдырахманов 2017-жылы күбө катары суралып, көрсөтмө берген. Бирок анын кээ бир жооптору протоколго түшпөй калган. Бүгүн ал баардыгын тактап айтып берди. Анын айтымында, Талант Маматкеримов Леонид Маевский менен бирге инвестициялык долбоорду ишке ашыргысы келип жатканын айтып, анын досу Азат Базаркулов Мегакомдун директорунун орун басары болгонун, жакын арада компаниянын башкы директору боло турганын кошумчалаган. Чындыгында Леонид Маевский Алмазбек Атамбаев менен жолуккан. Бүгүн болсо, купуя болгон сырлар ачыкка чыгып жатат”,-деди жактоочу Таалайкүл Токтакунова.

Количество просмотров: 111