• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жалал-Абадда 19 жаштагы кыз өлтүрүлдү. Окуянын чоо-жайы

14 Жетинин айы 2022 12:23 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда жаш кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрь күнү саат 9:30 чамасында Ноокен районунун аймагынан агып өткөн сайдын ичинен 19 жаштагы кыздын киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган жана кылмыштын бетин тез арада ачуу максатында кесипкөй кызматкерлерден турган атайын топ түзүлүп ыкчам иликтөө иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, окуяга шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну 1964-ж.т. О. А. кармалган.

Тергөө учурунда шектүү жасаган оор кылмышы боюнча кызды Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында Жалал-Абад шаарына кетүү үчүн турган жеринен алып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айтып берген жана окуя болгон жерди, жагдайларды жеринде көрсөтүп, ал көрсөтмөлөрү видео жазуу менен бекитилген.

Мындан сырткары кылмыш иши боюнча шектүүнүн “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү автоунаасы далил зат катары алынып, автоунаага кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын арткы орундугунун оң жак тарабынан кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле автоунаанын алдыңкы орундугунун астынан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган.

12-ноябрь күнү шектүү О.А. Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылыш иши боюнча толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 1226