• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

32 жаштагы адамды өлтүрүп, өрттөп салышкан. Милиция шектүүлөрдү кармады

16 Бештин айы 202415:08 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда 32 жаштагы баланы өлтүргөн 18 жана 20 жаштагы шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү Жалал-Абад ОИИБне Сузак районунун 1997-ж.т. К. к. М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 1992-ж.т. М.М. аттуу жолдошу, 2024-жылдын 21-ноябрь күнү саат 09:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дыйынсыз болуп жаткандыгын айтып кайрылган.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөө тапшырмалары берилип, териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 13-декабрь күнү Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылына караштуу Чарбак айылынын таштанды таштаган жардын ичинен белгисиз жарандын жансыз денеси кездемеге оролуп, күйгөн абалда табылган.

«14-декабрь күнү жансыз дене таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, аны таанып кароо жүргүзүү максатында, арыз менен кайрылган 1997-ж.т. К.к.М. алып келген учурда, ал жансыз дене 1992-ж.т. М.М. аттуу дайынсыз болуп жаткан жолдошу экендигин кийип жүргөн кийимдеринен таанып билген. Ал эми кароо учурунда жансыз дененин алтымыш жеринде учтуу нерсе менен сайылып, кескиленген жаракаттары аныкталган. Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. 14-декабрь күнү кылмышка шектүү катарында Жалал-Абад шаарынын 2006-ж.т. Д.Х. жана 2004-ж.т. М.А. аттуу тургундары кармалып, камакка алынган. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүлөр менен каза болгон жарандын ортосунда акча тууралуу пикир келишпестиктер пайда болгондугу жана дагы бир жарандын окуяга катыштыгы бар экендиги маалым болгон», -деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 494