• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жалал-Абадда акча алмаштыруучу жайда иштеген адамды өлтүрүп кетишти

15 Баш оона 2018 9:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.08.2018.Govori.TV.
Жалал-Абад облусунун акча алмаштыруучу жайда иштеген адамды бычактап кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИББинин маалымат кызматы кабарлады.
5-август күнү болжол менен саат 14:00дө Жалал-Абад шаарынын кире беришинде унаада адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу ыкчам нөөмөткө билдирүү түшкөн.
Аталган аймакка милиция кызматкерлери Toyota Auris үлгүсүндөгү унаадан айдоочунун жансыз денесин табышкан. Каза болгон жаран 50 жаштагы Жалал-Абад шаарындагы акча алмаштыруучу жайда иштеген жергиликтүү тургун экендиги белгилүү болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон жаран Кара-Суу районунан акча алып келе жатканда аны таанышы токтотуп, Жалал-Абадга чейин ала кетүүсүн өтүнгөн. Жалал-Абад шаарынын кире беришине келгенде таанышы ага кол салып, 3 ирет бычак менен сайып жиберген. Айдоочу каршылык көрсөтүп жатып жол четиндеги мамыны сүзүп алгандыгы такталды. Мындан пайдаланган таанышы «экинчи бирөөлөрдүн аялы менен жолуксаң сага жаман болот»- деген катты таштап, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.
Анын таанышын тонош үчүн өлтүргөнү белгилүү болду. Ал эми катты тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу максатында жазган.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Сузак районунун 36 жаштагы тургуну кармалып,иликтөө иштери жүрүүдө.
Количество просмотров: 19