• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жалал-Абадда баасы 17 млн 568 миң сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды

13 Бештин айы 2021 12:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Ленин айыл өкмөтүндө жайгашкан баасы 17 млн 568 миң сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө аталган 2 кабаттуу бала бакча 0,42 гектар жер участогу менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтомунун негизинде “Ж.Ш.” акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 17 млн 568 миң сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты 0,42 гектар жер аянты менен бирге муниципалдык баланска кабыл алынды.

Количество просмотров: 146