• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Жалал-Абадда бир нече кылмыштын бети ачылды

8 Бирдин айы 2023 16:54 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда бир нече кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 4 жаран арыз менен кайрылышкан. Алардын бири 2023-жылдын 21-январь күнү саат 16:30 чамасында Жалал-Абад шаарынан жалпы баасы 22 000 сом болгон 2 даана телефонун уурдатканын билдирген. Экинчиси 27-январь күнү саат 14:30 чамасында компьютердик клубда өзүнө бейтааныш бала келип базар баасы 20 000 сомдук кол телефонун коркутуп алып койгондугун айткан.

Үчүнчүсү 24-январь күнү саат 14:30 чамада 32 000 сомдук “Айфон” үлгүсүндөгү кол телефонун белгисиз бала “Чалып алайын” – деп алдап, алып кетип калгандыгын жазган.

Ал эми төртүнчү жаран 21-январь күнү 9:30дан кечки саат 21:30га чейинки аралыкта белгисиз кылмышкерлер үйүнө кирип, 101 500 сомдук зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Натыйжада жабырлануучулар жалпысынан 175 500 сомдук материалдык чыгымга дуушар болушкан.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинини 205-беренеси (Уурдоо), 206-беренеси (Тоноо) жана 209-бересинин (Алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

«Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы фактыларга шектүү катары 4 жаран кармалган. Алардын бири Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-ж.т. Ш.Н., жогорудагы 4 кылмыш ишине катышкандыгы аныкталган. Ал эми Ш.Н. менен кошо Жалал-Абад шаарынын тургундары 1993-ж.т. Ж.А., 1987-ж.т. Х.Х. жана Сузак районунун тургуну 2001-ж.т. К.Н. зер буюмдарын уурдоого шектелип кармалышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, Ш.Н. 2 айга камакта калтырылып, калганы үй камагына чыгарылган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 103