• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

11 Үчтүн айы 202110:00 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 11-январда саат 01:38де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган айылында 4 балл, Тосой, Ак-Терек, Саламалик айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 87