• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жалал-Абадда мектеп-интернатынын директору кармалды

26 Бугу 2023 17:32 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кол алдындагылардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 24-майда УКМК кызматкерлери тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатан учурда аталган окуу жайдын директору Ч.Ч.А. кармалды.

Такталгандай, Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кызматка дайындалган учурдан тартып, б.а. 2023-жылдын февраль айынан баштап ар кандай шылтоолор менен кол алдындагыларды айлык акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүгө мажбурлаганы аныкталды.

Бул мектеп-интернаттын мугалимдеринин орточо маянасы 20 миң сомдун тегерегинде экендигин белгилей кетүү керек, анын 5 миң сому директор Ч.Ч.А.га берүүгө аргасыз болушкан.

Ошондой эле, мындан мурда аталган Ч.А.А. мыйзам бузуулар үчүн жумуштан кетирем деп коркутуу менен мектептин ашпозчусунан 17 000 сом алгандыгы аныкталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 151