• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абадда сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

2 Кулжа 20219:16 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылында 2004-жылы туулган бала Кемпир-Абад каналына жуунуп жатып сууга агып кеткен.

Саат 17:21 чамасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 90