Кара-Көл ШИИБнин улук тергөөчүсү опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМК укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, опузалап пара алуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБ улук тергөөчүсү «Ы.Н.Э» кармалган.
Кармалган «Ы.Н.Э.» Кыргыз Республикасынын жараны «А.Ш.Ш.» аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин оң тарапка чечип берем деп «А.Ш.Ш.» 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) кылмыштарынын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.