• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жалал-Абадда тергөөчү пара менен кармалды

29 Жалган куран 2021 13:46 Бишкек Govori.TV

Пара талап кылуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ИИБ тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү УКМК Жалал-Абад облусу боюнча Коррупцияга каршы кызматы жана КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад обалстынын Ноокен районундагы Маасы айылынан майда бейбаштык фактысы боюнча жашы жете элек кызга, анын тууганына карата козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү боюнча арыз ээсинен 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен, Жалал-Абад обалстынын Ноокен районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны «Р. у. И.» жана «Э.К.» аттуу жаран кармалды.

Кармалган милициянын капитаны «Р. у. И.» жана «Э.К.» КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүргүзүлдү. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 372