• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жалал-Абадда турак үйлөрдү сел каптады

7 Бугу 2021 9:59 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын аймагында 7-майга караган түнү катуу жаап өткөн жамгырдан кийин Сел-Арык сел каналынын кээ бир жерлеринен суу ашып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жыйынтыгында шаар аймагындагы бир катар мекеме-ишканалардын жана жеке турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн суу каптаган.

Учурда жогорудагы суу каптаган даректер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, мекеме-ишканалардын, үйлөрдүн короолорундагы сууну сордуруу жана кээ бирлерин кайрадан суу каптабаш үчүн бөгөт коюлууда.

Количество просмотров: 230