Бүгүн, 10-январда саат 10:53тө Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Көл айылдарында 3 баллга, Шамалды-Сай айылында 2,5 баллга жана Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин сезилди. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.