• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жалал-Абадда жыландын уусун саткандар кармалды

16 Баш оона 2023 9:32 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында күчтүү уулуу зат «Gurza – vipera Leberetna turaniga» ири партиясын сатуу аракети токтотулду.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 кыргыз жараны кармалды. Такталгандай, күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларына чейин бааланат»,-деп жазылат маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 100