• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жалал-Абаддагы тойдо 100дөн ашык киши этке ууланды 

13 Тогуздун айы 2021 19:05 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Бек-Абад айылында жылкынын этине ууланган 100дөн ашык жаран жергиликтүү ооруканага кайрылды. Маалыматты Govori.TVга Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 1964-ж.т. И.Р. үйүндө үстүбүздөгү жылдын 9-октябрь күнү жылкы союп, 10-октябрь күнү небересине той өткөргөн жана тойго келген конокторго 9-октябрь күнү союлган жылкынын эти тартылган.

«Бул тойго катышкан 100дөн ашуун жаран 2021-жылдын 11-октябрынан тартып дарыгерлерге кайрылышкан. Азыркы учурда ооруканада жаткандардын ичинде жаш өспүрүмдөр да бар»,-деп айтылат маалыматта.

Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне “Уулануу” боюнча каттылып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 9165