• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды

29 Бирдин айы 20249:23 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылы Жалпы республикалык тестке каттоо жүргүзүү (онлайн түрүндө) жөнүндө буйругу чыкты.

Ведомстводон билдиришкендей, буйрукка ылайык, Жалпы республикалык тестке бүтүрүүчүлөрдүн өз ыктыярынын негизинде каттоо 2024-жылдын 29-февралынан 4-апрелине чейин жүргүзүлөт.

«Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 60