• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жамбылда аскер кампасында дагы жарылуу болду

11 Тогуздун айы 2021 9:39 Бишкек Govori.TV

Жамбыл облусунун Байзак районундагы Сарыкемер айылында жайгашкан аскер кампасында жарылуу болгонун Казакстандын Коргоо министрлиги «Тараз 24» телеканалына билдирди.

«10-октябрда Жамбыл облусундагы ок-дарылар сакталган Сарыкемер аскердик кампасынын аймагында мурда зыянга учураган жарылуучу заттардан өрт чыгып, анын кесепетинен жарылуу болгон», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Билдирүүгө караганда, бул окуя жумуштан сырткары маалда болуп, жардыруу болгон жерде эч ким болгон эмес жана имарат зыян тарткан жок.

Буга чейин 26-августта Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн кампасында ок-дарылар жарылып, өрт чыккан. Жүздөгөн адам окуя болгон жерден көчүрүлүп, 17 адам каза таап, ондогон киши жаракат алган.

Количество просмотров: 158