• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

ЖАМК: Салянова өзүнчө камерада жалгыз олтурган жок

8 Кулжа 201915:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.06.2019.Govori.TV.

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова №1 тергөө абагындагы камерада бир шерик менен отурат. Ал — башка бир кылмыш ишине шек саналган адам. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз ызматы кабарлады.

«Эркектердин камералары өзүнчө. Аялдардыкы жок болчу. Салянованы башка соттолгондорго кошкон жокпуз. Бирок жалгыз да калтыра албайбыз, ошондуктан жанында бир киши бар».

Буга чейинки маалыматка караганда, Саляновага туугандары жолугуп, керектүү буюмдарын, дары-дармегин алып келип беришти.

Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кармалган. 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камалган.

Количество просмотров: 12