• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ЖАМК: Текебаевди башка камерага которуу же жанына кишилерди киргизүү иш планда болгон эмес

19 Чын куран 2018 13:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.04.2018.Govori.TV

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Өмүрбек Текебаевге абактан кысым көрсөтүлүүдө деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова айтты.

«Өмүрбек Текебаевди башка камерага которот же анын жанына дагы кишилерди киргизүү азырынча иш планда жок. Текебаев буга чейин кандай шартта отурса ошол жеринде эле болот»,- деди Элеонора Сабатарова.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаевге абактан кысым көрсөтүлүүдө деп, Жогорку Кеӊештин трибунасынан «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгун билдирди.

«Мага жаӊы эле маалымат келип түштү. Эки күндөн бери Өмүрбек Текебаевге №47-колонияда кысым башталыптыр. Токтоосуз түрдө ЖАМК жетекчисине байланышкыла. Башка камерага которобуз, үстүнө кайдагы бир адамдарды кошобуз деп жатышыптыр. От менен ойношпосун. Бул боюнча тийиштүү органдарга кайрылыңыз», — деди Шыкмаматов.

Количество просмотров: 34