• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жанар Акаев: Чубак ажыга менин оюм ак, ниетим түз, эч кандай таарынычым жок

5 Тогуздун айы 2018 9:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.10.2018.Govori.TV
Депутат Жанар Акаев, өзүнүн Facbook баракчасына » Чубак ажы жөнүндө» деген тема коюп, ал тууралуу оюн жазды.
«Чубак ажы сизди бүгүн «Марал» радиосунан мындай деп айтыптыр, буга кандай комментарий бересиз?,-деп улам чалган айрым журналист кесиптештериме жооп берүүдөн баш тартам. Бизди улам кайраштырып, кайым айтыштыргандан журналист да, биз да, коом да, дин да утпайт. Мен ал кишиге жагынайын деген оюм жок, андан коркуп кеткен да жерим жок, маегин таап көрдүм, эч жаман айтпаптыр. Чубак ажыга менин да оюм ак, ниетим түз, эч кандай таарынычым да жок, илимдүү диний аалым катары сыйлайм. Жооп кайтарып, кайым айтышкандын ордуна кичүү катары өзүм салам берип, учурашуу милдетим. Саясатта ушундай экен, кээде эмоцияга алдырасын, талашасын, жарашасын. Ошон үчүн бизди башкы тема кылууну коюп, тиги сеул-меулдарды эле талкуулай берсенер болот» — деп жазган.
Белгилей кетсек, 2016-жылы жума намазы үчүн түшкү тыныгууну 2 саатка узартуу боюнча демилгени колдобогон 6 депутаттын ичинде Жанар Акаев дагы болгон. Ал депутаттардын жаназасына Чубак ажы Жалилов келбей турганын, эгер көзү өтүп кетсе шакирттерине керээз катары айтып кетээрин белгилеген эле.
Диний аалым, депутаттын бул жоругун » Кыргыз элине, мусулманчылыкка каршы экенин билдирип койду. Ниети бузук экен»,- деп сыпаттаган.
Марал радиосу 3-октябрда Чубак ажы Жалиловду чакырып маек курган, уктуруу учурунда эски тема козголуп, Чубак ажы депутат жөнүндө оюн дагы бышыктаган.

https://www.facebook.com/maralradio/videos/521313085010941/

Количество просмотров: 44