• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жанар Акаев: Насыяларын төлөй албагандарга пайыздык жеңилдик берүү керек

25 Бирдин айы 2021 12:35 Бишкек Govori.TV

«Экономикалык каатчылыкка байланыштуу насыяларын төлөй албагандар бардык жактарга кайрылып жатышат». Мындай маселени бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев көтөрдү.

Акаев былтыркы жылдын алты айында эле 150 миңден ашуун жаран насыя алганын айтты.

«Пандемиянын кесепетинен чек аралар жабылды, доллардын куну өстү, азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап жатат. Өкмөттөн, банктардан, депутаттардан жардам сурап жүздогөн адамдар жүрүшөт. Алардын негизги эле суранычы пайыздык жеңилдик берүү. Улуттук банк буга тыкыр көзөмөл кылып, кыш мезгилине карата жеңилдиктерди берүүнү карап чыгышы керек», — деди ал.

Количество просмотров: 236