Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президенттик шайлоого катышып, өз программаларында жакшы демилгелерди көтөргөн талапкерлерди өкмөттүн курамына тартууну сунуш кылды. Ал бош турган вице-премьер-министрдин кызматына Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков өңдүү адамдарды тартып, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну илгерилетиш керек экенин кошумчалады.
— Бизде азыр «чек ара маселесин, коопсуздук, “коопсуз шаар” көйгөйүн чечебиз» дегени менен бир да өкмөт мүчөсү эч нерсе жасай элек. Өкмөткө сырттан деле кадрларды алып келсеңер болот деп айтат элем. “Шайлоодо бизге иштеген эмес” деген принцип менен эмес, «болгону элге иштеп бер» деп айтышыбыз керек.