• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жанар Акаевге тийбей калган мандат коомдо талкуу жаратты

16 Бештин айы 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Ага ылайык, «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча мандат алып калат.

Ал эми БШКнын шайлоо бүткөндөн кийин жобону өзгөртүүсү шек жаратып жатат деген «Альянс» партиясынын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев Борбордук шайлоо комиссиясынын 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсү боюнча сотко кайрыла тургандыктарын кабарлаган.

Ал арада бул маселе тууралуу бир топ саясатчылар, активисттер жана жарандар бир катар пикирлерин айтып чыгышты.

15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун бирдиктүү округ боюнча жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын сайтындагы маалымат боюнча, 5% босого чектен алты партия өткөн. Алар: «Ата-Журт Кыргызстан» — 222 005 добуш же 17.32%, «Ишеним» — 174 470 добуш же 13.61%, «Ынтымак» — 141 009 добуш же 11.00%, «Альянс» — 106 955 добуш же 8.35%, «Бүтүн Кыргызстан» — 90 223 добуш же 7.04%, «Ыйман Нуру» — 79 025 добуш же 6.17% алды деп таанылды.

«Ата-Журт Кыргызстан» – 15, «Ишеним» — 12, «Ынтымак» — 9, «Альянс» — 7, «Бүтүн Кыргызстан» — 6, «Ыйман Нуру» — 5 депутаттык мандат алды.

Количество просмотров: 534