• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров 2 гол киргизди. Президенттик администрация менен өнөр адамдарынын беттеши аяктады

17 Бештин айы 2021 14:27 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнга катышып, эки гол жаратты.

Президенттик администрациянын командасы менен өнөр адамдарынын командасы беттешип, оюн 2:2 менен аяктады.

Голдор: Кыргызбай Осмонов (0:1), Фархад Бекмамбетов (0:2), Садыр Жапаров (1:2), Садыр Жапаров (пенальтиден) (2:2).

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Турнирдин максаты, өлкөдө спортту жайылтуу, сергек жашоо образына үндөө болуп эсептелет.

Беттештерге Президенттин администрациясынын, ата мекендик футбол ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.

Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылууда.

Командалардын курамы:

«Президенттин администрациясы»

  1. Садыр Жапаров — Президент
  2. Камчыбек Ташиев — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы
  3. Медетбек Букуев — Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси
  4. Аяз Баетов — Юстиция министри
  5. Алмаз Бакетаев — Финансы министри
  6. Умбеталы Кыдыралиев — «Кыргызалтын» ААК башкармасынын төрагасы
  7. Азиз Аалиев — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
  8. Азамат Жаманкулов — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
  9. Алмасбек Абытов — Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү
  10. Муса Жаманбаев — Президенттик администрациянын президенттик протокол кызматынын жетекчиси
  11. Арзыбек Кожошев — Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары
  12. Доскул Бекмурзаев — Энергетика министри
  13. Данияр Амангельдиев — Экономика жана коммерция министри
  14. Кудайберген Базарбаев — Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри
  15. Алтынбек Эргешов — Президенттик администрациянын чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы

«Өнөр» командасы

  1. Кыргызбай Осмонов (капитан) — эл артисти
  2. Актан Исабаев — ырчы
  3. Кутман Жолдошев — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
  4. Камчы Сарыбаев (вратарь) — кино жана театр актеру
  5. Рустам Сагыналиев — «Эл шайырлары» ансамблинин солисти
  6. Майрамбек Осмонов — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
  7. Мирлан Абдыкалыков — режиссер, актер
  8. Урмат Усенов — маданияттын отличниги, Маданият министринин кеңешчиси
  9. Фархад Бекмамбетов — мамлекеттик цирктин директору
  10. Орозбек Кашкаев — «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси
  11. Евгений Кузнецов — Т.Абдумомунов атынданы мамлекеттик театр
  12. Аалы Туткучев — Кыргыз Республикасынын эл акыны
  13. Ырыскелди Осмонкулов — ырчы
Количество просмотров: 309