• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет

5 Баш оона 2022 13:43 Бишкек Govori.TV

Жылдын аягына чейин 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку сотто судьялар менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчы соттордун иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине да токтолду. Ал ротацияланган судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу, облус борборлорунда судьялар үчүн заманбап имараттарды куруу иштери кызуу жүрүп жатканын эске салды.

«Мамлекет тараптан судьялардын иштөөсүнө бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз. Андан кийин сиздерден бир гана талап болот, таза жана адилет иш алып баруу», — деп айтты ал.

Садыр Жапаров учурда өлкөнүн 40 облусунда 300дөн ашык турак жай курулуп жатканын, бул үйлөрдү курууга пайдубал түптөлүп бүткөнүн белгиледи.

«Кудай буйруса жылдын аягына чейин 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет. Төрагалары гана эмес, иштеп жаткан судьяларга чейин үй менен камсыз болот», — деди мамлекет башчысы.

Президент судьялардын ишинин деңгээлин көтөрүү максатында ушул жылдын август айынан тарта айлык акылары көтөрүлөрүн дагы бир ирет белгилеп кетти.

Андан тышкары, сот аткаруучулар менен сот приставдар үчүн кызматтык автоунаа менен камсыздоону чечүү маселеси каралып жаткандыгын айтты.

«Бул багытта мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша мындан башка көптөгөн иштер аткарылып, колдоо көрсөтүлүп турат», — деди ал.

Количество просмотров: 116