• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров абалды көзөмөлгө алганын, кырдаал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салынганын айтты

30 Чын куран 2021 10:45 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек арада чыңалууну болтурбоо жана күчөтпөө боюнча чаралар көрүлүп жатат. Баткенге вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ иш алпарууда. Жумушчу топ жерине баргандан бери жаңжалды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды көрдү. Мындай маалымат президенттин “Фейсбуктагы” баракчасына жырыяланды.

Ошондой эле кыргыз-тажик тилкесиндеги абал турукташып, аны Жапаров көзөмөлгө алганы, кырдаал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салынганы айтылат. Мындан тышкары зырыл болгон дары-дармек, азык-түлүктөр Баткен облусуна жеткирилген.

“Эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын жана тажик өкмөттөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн комиссиялар, окуянын себептери менен кесепеттерин талкуулады. Куралдуу кагылышууну токтотуп, жеке бөлүктөрдү жана аскер техникаларсын туруктуу жайларына чыгарып кетүү жөнүндө билдирүүгө кол коюшту”, — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 437