• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров АКШга жеке учак жалдап кетти. Маалымат кызматы себебин айтты

20 Аяк оона 202221:39 Бишкек Govori.TV

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкө башчы Садыр Жапаровдун АКШга жеке учак жалдап кеткени боюнча түшүндүрмө берди.

«Айрымдар “президент Садыр Жапаров Америкага самолет менен учуп кетиптир”,- деп ызы-чуу түшүп жатышат. Урматтуу Кыргызстандыктар! Азыр барыңыздар көрүп турасыздар, абал тынч эмес. Өлкөбүзгө куралдуу кол салуу болду, ал аз келгенсип, биздин үстүбүздөн карандай жалаа жабылып, дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды жаман көрсөтүү аракеттери болуп жатат. Президенттин Нью-Йоркко сапары учурда өтө зарыл иштердин бири болчу. Андыктан өлкө башчысы чукул учуп кетти. Ал жакта мамлекетибиз үчүн маанилүү иш-чаралар, жолугушуулар өтөт. Кайра ыкчам келип, кызматтык милдетин аткарышы керек. Азыр сезгенге биздин абал оңой эмес. Ойлошуңуздар мүмкүн, “каттамдар менен эле барып келбейби”-деп. Каттамды күтүп, жоон-топ делегация ээрчишип алып терминалдарда туруп, улам рейс алмаштырып барып келгиче убакыт жолго эле кетет. Учурда ар бир саат кымбат билсеңиздер.
Учактын чыгымынын оозуна баткан цифраларды жазып, элдин башын айлантып жаткандар, жалаанын жоопкерчилиги бар экенин сезиңиздер. Мамлекетибизге күйсөк анда ар кандай бей жай жалаалардан алыс бололу»,-деп жазды Орунбеков.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барган.

Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 1469