• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Жапаров акы төлөп унаа айнегин караңгылатуу жөнүндө мыйзамга кол койду

15 Чын куран 2022 10:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексине”, “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзамга ылайык, транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күңүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруу — жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга – 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Алымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

Мыйзамдын максаты — республикалык бюджетке салыктык эмес келип түшүүлөрдү көбөйтүү жана акы төлөө негизинде транспорт каражаттарынын ээлерине транспорт каражатынын алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Башкача айтканда тартип бузуу, кылмыштуулуктун санын азайтуу менен бирге бюджетке түшчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү болуп саналат.

Дүйнөлүк практиканын анализи көрсөткөндөй, унаалардын терезелерин караңгылатуу дүйнөнүн жогорку өнүккөн өлкөлөрүндө колдонулат. Мисалы АКШ, Япония, Кытай жана башка ушул сыяктуу өлкөлөрдө. Ошондой эле, транспорт каражаттарынын маңдайкы айнегин жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө акы төлөө негизинде бизге жакын кошуна Өзбекстан жана Тажикистан өлкөлөрүндө да уруксат берилген.

Количество просмотров: 234