• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров: Алты айда бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 176,7 млрд сомду түздү

12 Теке 2023 10:39 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдөгү саясий кырдаалга карабастан, 2023-жылдын 6 айында бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 176,7 млрд сомду түзүп, белгиленген план 108,4%га аткарылган. Бул тууралуу Финансы министрлигинде өткөн 2023-жылдын I жарым жылдыгында республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын маалыматына караганда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 130,4% түздү.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик башкаруу секторунун ресурстары 257,6 млрд сомду түздү. Финансы министри Алмаз Бакетаев өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин быйылкы жылдын I жарымындагы аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Биринчи жарым жылдыкта салыктык түшүүлөр 132,2 млрд сомду түздү же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 126,4%ды түздү.

Мындан тышкары, жыйында салык жана бажы тармагында жүргүзүлүп жаткан фискалдык реформалар тууралуу маалымат айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы жүргүзүлгөн фискалдык реформалардын аркасында бюджеттин киреше бөлүгүндө жакшы көрсөткүчтөргө жетишилгенин белгиледи.

“Салыктын дээрлик бардык түрлөрүнөн түшүүлөрдүн олуттуу өсүшү байкалууда. Көрүлгөн аракеттердин аркасында салыктык кирешелерди башкарууда тартип орнотулду. Кийинки кадам бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жана чыгашалардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен тартипке келтирүү”, — деди ал.

Мындан тышкары, МинКаб төрагасы ошондой эле бардык социалдык маанилүү иш-чараларды, анын ичинде мектептерди курууну жана жолдорду оңдоону өз убагында жана толук каржылоо зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында 2023-жылдын II жарым жылдыгына бюджетти пландаштыруу жана фискалдык чөйрөнү реформалоо боюнча мындан аркы кадамдарга байланыштуу протоколдук тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Количество просмотров: 84