• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жапаров: «Алтын балалык» бир эле мезгилде 400 баланы энелери менен кабыл ала алат

1 Кулжа 2022 16:35 Бишкек Govori.TV

«Комплекстин долбооруна ылайык, бир эле мезгилде 400 бала энелери менен кабыл алынышы каралган», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, реконструкциялоодон кийин өз ишин баштаган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачуу учурунда.

Мамлекет башчысы «Алтын Балалыкта» балдардын эс алуусу, балдарды бойго жеткенде, коомдо өнүктүрүү, эстетика, этика, көркөм сүрөт, компьютердик сабаттуулук жана башка багыттар боюнча балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн ачуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөөрүн белгиледи.

«Мамлекетибиздин келечегин татыктуу жаштарга өткөрүп берүүнү кааласак, балдарыбызды ар тараптан коргоо, алардын ден соолугун чыңдоо, шык-жөндөмүн, талантын ачып, максатына жетишине көмөктөш болуу сыяктуу иш-аракеттерди сапаттуу деңгээлде ишке ашыруубуз кажет деп ойлойм. Демек, эртеңки келечегибиз бүгүнкү балдардын, жаңы муундун сак-саламат жетилишинен көз каранды. Мамлекет мындай ары маанилүү, ары жоопкерчиликтүү иш-максаттарды көз жаздымда калтырбайт, эртеңки күнүбүздүн жаркын үмүтү болгон балдарыбыздын эч нерседен тайманбай, көздөгөн максатына жете билген, ден соолугу чың эр-азаматтардан болуп чыгышына ар дайым маани беребиз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бүгүнтөн баштап 15-сентябрга чейин республикабыздын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн балдар келип эс алып турушарын кошумчалады. Ар он күн сайын 250 бала кабыл алынып турат.

Количество просмотров: 2267